Казакстанда инфляция 8,5%га чейин төмөндөдү

Казакстанда инфляция туруктуу түрдө төмөндөп келүүдө. Маселен, өткөн бугу айда анын деңгээли 8 пайыздан ашык төмөндөгөн. Белгилей кетсек, бул позитивдүү тенденция былтыркы жылдын бирдин айынан тарта күч алган. Ошол кездеги 21,3% эң жогорку көрсөткүчтөн жыл соңунда 9,8%га чейин төмөндөгөндүгү катталды. Башкача айтканда, эки эсе түштү. Мындай жаңы маалыматтар Улуттук банктын төрагасынын Сенаттагы отчётунда келтирилди. Тимур Сүлейменов, Улуттук банктын төрагасы: – Инфляциялык процесстердин турукташуусу бизге өткөн жылы базалык ченди 16,75%дан 15,75%га түшүрүүгө мүмкүндүк берди. Быйыл бул көрсөткүчтү 14,5%га төмөндөттүк. Өз тарабыбыздан инфляция боюнча 5% деңгээлиндеги орто мөөнөттүү максатка жетүү үчүн дизинфляциялык акча насыя саясатын улантабыз. Инфляция элдин жыргалчылыгына түздөн-түз таасирин тийгизери белгилүү. Ошондуктан, Жогорку Эсептөө палатасынын төрагасы депутаттарга жарандардын жашоо сапатынын бирдиктүү улуттук стандарттарынын индексин киргизүүнү сунуштады. Алихан Смайыловдун айтымында, жаңы механизм казакстандыктарды социалдык колдоого багытталган мамлекеттик бюджеттин натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет. Которгон: Илгиз Жамалбеков ТЕГИ: Казакстан, инфляция, улуттук банк

Казакстанда инфляция туруктуу түрдө төмөндөп келүүдө. Маселен, өткөн бугу айда анын деңгээли 8 пайыздан ашык төмөндөгөн. Белгилей кетсек, бул позитивдүү тенденция былтыркы жылдын бирдин айынан тарта күч алган. Ошол кездеги 21,3% эң жогорку көрсөткүчтөн жыл соңунда 9,8%га чейин төмөндөгөндүгү катталды. Башкача айтканда, эки эсе түштү. Мындай жаңы маалыматтар Улуттук банктын төрагасынын Сенаттагы отчётунда келтирилди.

Тимур Сүлейменов, Улуттук банктын төрагасы:

– Инфляциялык процесстердин турукташуусу бизге өткөн жылы базалык ченди 16,75%дан 15,75%га түшүрүүгө мүмкүндүк берди. Быйыл бул көрсөткүчтү 14,5%га төмөндөттүк.  Өз тарабыбыздан инфляция боюнча 5% деңгээлиндеги орто мөөнөттүү максатка жетүү үчүн дизинфляциялык акча насыя саясатын улантабыз.

Инфляция элдин жыргалчылыгына түздөн-түз таасирин тийгизери белгилүү. Ошондуктан, Жогорку Эсептөө палатасынын төрагасы депутаттарга жарандардын жашоо сапатынын бирдиктүү улуттук стандарттарынын индексин киргизүүнү сунуштады. Алихан Смайыловдун айтымында, жаңы механизм казакстандыктарды социалдык колдоого багытталган мамлекеттик бюджеттин натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков