Парламенттин
төмөнкү палатанын VIII чакырылышынын I сессиясынын алкагында депутаттар 20
мыйзам долбоорун демилгелешти. Эл өкүлдөрү жалпысынан 82 укуктук документти
карап чыгышты. Алардын арасында мыйзамсыз алынган мүлктөрдү кайтаруу, онлайн-платформалар
жана интернет-жарнама, Семей ядролук коопсуздук зонасы, суюлтулган газдын
жүгүртүүсү, электр самокаттарынын кыймылын жөнгө салуу жана башка мыйзамдар
бар. Мажилистин
төрагасы Ерлан Кошанов мамлекет башчыга отчет берди.
Учурда аймактарда мажилис депутаттары эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Иш сапардын
жүрүшүндө парламенттин келерки сессиясында карала турган Суу, Бюджет, Салык
жана Шаар куруу кодекстеринин долбоорлору боюнча талкуулар уюштурулуп, сунуштар
топтолот. Муну менен катар Ерлан Кошанов парламенттик дипломатиянын алкагында
аткарылган иштердин жыйынтыгына токтолду. Сессия башталгандан бери Азербайжан, Беларусь,
Кыргызстан, Орусия, Түркия, Өзбекстан парламенттеринин башчылары жана башка
өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков