Казакстан-Кытай кызматташтыгы

Келерки жылы Шанхайдагы импорттук товарлардын көргөзмөсүнө Казакстан ата мекендик өнүмдөрдүн бардык түрүн көрсөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди. Бул үчүн Казакстандын экспозициясы 2024-жылы 5 эсеге көбөйөт. Белгилей кетсек, бул жолу Шанхай көргөзмөсүнө өлкөнүн атынан 200дөн ашык тамак-аш өнөр жай ишканалары катышты. Кытайлык көргөзмө катышуучуларын казакстандык ишкерлердин сүт жана кондитердик азыктары таң калтырды. Серепчилердин айтымында, «Кытайга терезе» деп аталган бул иш-чара эки өлкөнүн соодасына олуттуу таасирин тийгизет. Айта кетсек, бул көрсөткүч быйыл 9 айда 21 миллиард долларга жеткен. Жыл аягына чейин өсөөрүндө шек жок.

Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
- Жылдын аягына чейин эки өлкөнүн мамилесинде жаңы рекорд коюлат деп күтүп жатабыз. Эки өлкө тең кызматташтыкты бирдей тереңдетүүнү колдойт. Мындай ыргак менен эки өлкөнүн лидерлери алдыга койгон 40 миллиард долларлык товар жүгүртүү максатын да жакында багындырабыз. Мындай иш-чара биз үчүн абдан маанилүү. Бул кытайлык кесиптештерибизди Казакстанда өндүрүлгөн өнүмдөр менен тааныштыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Биринчиден, бул сапаттуу жана экологиялык жактан таза. Ата мекендик товарлардын мындай касиеттерин айтпаса да көпчүлүгүккө маалым.

Кытай менен визасыз режим жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат

Визасыз режимдин киргизилиши Казакстан менен Кытайдын ортосундагы соодага жана алакага жаңы дем берет. Ал жетинин айынын 10да күчүнө кирди. Эске сала кетсек, эки мамлекеттин лидерлери Сианьдагы саммитте виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимге кол коюшкан. Талдоочулардын айтымында, КЭРнан келген туристтердин санын эселеп көбөйтөт. eQonaq системасы берген маалыматка таянсак, жыл башынан бери өлкөгө 85 миң кытайлык турист келген. 2024-жылы саякатчылардын саны мындан дагы көбөйөт деген үмүт бар. Себеби, туризм жылы болот. Өз кезегинде бул дагы Казакстандын туризминин өнүгүшүнө таасирин тийгизет дешет серепчилер.

Кайрат Садуакасов, «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын төрагасынын милдетин аткаруучу:
- Белгилүү болгондой, 2024-жыл Кытайда Казакстандын туризм жылы деп жарыяланды. Жылдын соңуна чейин биз иш-чаралар тизмесин түзөбүз. Алар эки мамлекетте тең өткөрүлөт. Ошол иш-чараларга мамлекет башчылары да катышат деп күтүүдөбүз. Ага ылайык, мындай жогорку деңгээлдеги иш-чаралар Кытайда кызыгуучулук тааныткан туристтерди тартат деген ишенимдебиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков