ОПЕК фонду Казакстандагы долбоорлорго 400 млн доллар каражат бөлөт

ОПЕК фонду Казакстандагы долбоорлорго 400 млн доллар каражат бөлөт

ОРЕС фонду 5 жылда Казакстандагы долбоорлорго 400 миллион долларга чейин каражат бөлөт. Мажилис Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен ОРЕС Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы жеке сектордогу операцияларды уюштуруу боюнча алкактык келишимди ратификациялады. Документке өткөн жылы Астанада кол коюлган. Келишимде өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн өкмөттүн кепилдигисиз 2,5-5%дык чен менен насыя берүү каралган. Жалпысынан энергетика, өнөр жай, транспорттук инфраструктура, каржы, айыл чарбачылыгы, суу, телекоммуникация, билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу тармактарга каржылык колдоо көрсөтүү пландаштырылууда. Бул жаатта стратегиялык «Суу - азык-түлүк - энергетика» чынжырына өзгөчө көңүл бурулат. Ал эми фонддун активдери менен кирешелери түз салыктардан бошотулуп, валюта алмаштырууга жана акча которууларга уруксат берилет. Ошондой эле, документ фонддун жана бенефициарлардын укуктарын коргоп, талаш-тартыштарды сот аркылуу чечүүнү жөнгө салат.