Касым-Жомарт Токаев Будапештте Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президент эки тараптуу алакалардын артыкчылыктуу багыты катары соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды атады. Өз кезегинде Виктор Орбан Казакстан-Венгрия мамилелери туруктуу мүнөзгө ээ болгонун белгиледи. Айрыкча, экономика тармагында жигердүү өнүгүп жатат. Өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 200 миллион долларга жетсе, быйылкы жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 37 пайызга өскөн. Азыр эки өлкө унаа жасоо, айыл чарба жана логистика тармагында биргелешкен 16 инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Алардын баасы болжол менен 700 миллион долларды түзөт. Касым-Жомарт Токаев Казакстан түрк мамлекеттеринин уюмунун ишмердүүлүгүнүн бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга берилгендигин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

