Мухтар Ерман, БШКнын катчысы:
- 2023- жылдын үчтүн айынын 20нан бери үч чет мамлекеттен жана эки эл аралык уюмдардан 62 байкоочуну расмий каттоодон өткөрдүк. Бүгүнкү күндө Тышкы иштер министрлиги 3 чет мамлекеттен жана 2 эл аралык уюмдан 12 байкоочуну каттоону сунуштады. Тактап айтканда, Корея Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Таиланд Королдугунан 1 байкоочу, КМШнын байкоочулар миссиясынан 7 талапкер, ЕККУ жана ДИАУБ бюросу уюмунан 2 байкоочу каттоого сунушталды.
Төрага ошондой эле, бирдин айынын 10да Борбордук шайлоо комиссиясына Тышкы иштер министрлигинен сунуш түшкөнүн, ага ылайык Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясынан анын курамын өзгөртүү тууралуу нота келгенин айтты. Андыктан комиссия эки байкоочунун аккредитациясын кайтарды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков