Президент Маңгыстау облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу кеңеш өткөрдү

Президент Маңгыстау облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу кеңеш өткөрдү

Маңгыстау облусуна акыркы эки жылда 2 триллион теңгеден ашык инвестиция тартылды. Аймактын жалпы өнүмү эки жылдын ичинде болжол менен 1 жарым эсеге өстү. Облуска болгон иш сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңешме өткөрдү. Президент Мангыстау Казакстандын батыш дарбазасы катары стратегиялык жактан маанилүү аймак экенин белгиледи. Быйылкы жылы аймактагы чакан жана орто бизнести колдоого мамлекеттик бюджеттен 16 миллиард теңге бөлүнөт. Мындан тышкары, «Mangystau Business» пограммасы ишке киргизилет. Анын алкагында 30 жаңы долбоорго 1,5 миллиард теңге бөлүнөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- «Актау деңиз порту» атайын экономикалык аймагы облуста ишкердикти өнүктүрүүгө өзгөчө дем берген борбор болууга тийиш. Азыр ал 22 жаңы долбоорду ишке ашырып жатат. Атайын экономикалык аймакка жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү 337 миллиард теңгени түзсө, анын жарымы чет элдик инвестициялар. Быйыл атайын экономикалык аймактын аянтын жети эсеге, башкача айтканда 3,7 миң гектардан 26,5 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул - орундуу чечим. Акимдин да экономикалык аймак боюнча сунуштары да бар.

Президент аймактын транспорттук-логистикалык дараметине өзүнчө токтолду. Мангыстау Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы эл аралык транспорт коридорлору кошулган уникалдуу жер. Азыр деңиз инфраструктурасын, анын ичинде Актау жана Курык портторун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Булар Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун негизги түйүндөрүнүн бири болуп саналат. Эл аралык логистикалык компаниялар өлкөнүн транспорт тармагына инвестиция салууга кызыкдар. Өкмөт облустун акимчилиги менен биргеликте чет элдик инвесторлор менен активдүү иштеши керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Быйыл Курык-Жетыбай трассасын оңдоо иштери аяктайт. Эми Түркмөнстан багыты боюнча транспорттук-жеткирүү дараметин жогорулатуу зарыл. Ушул жылдан баштап Жаңа Өзенден чыгып, Кендирли аркылуу Түркмөнстандын чек арасына чейин баруучу жолун оңдоого киришүүнү тапшырам. Темир жол станцияларын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча иштер башталды. Өлкө боюнча 125 вокзалды оңдоо пландалууда. Анын ичинде Мангыстау, Бейнеу жана Шетпе бекеттери бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков