Казакстанда килем токуунун эски салты кайра жанданууда. Маселен, Кызылорда облусунун кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн салттуу өнөрүн көп кылымдык тарыхы бар жыгач аспап менен жасашат. Эски буюмду мындай максатта колдонуу облустун тургундарынын арасында кеңири жайылган. Килем менен саймачылыктын түрүн жасаган чеберлер сыры кетсе да сыны кетпеген бул баалуу аппарат иштөөгө абдан ыңгайлуу экенин айтат. Эң башкысы бабалар мурасы бүгүнкү күндө көпчүлүктүн керегине жарап, улуттук баалуулуктарды жайылтууда чоң салым кошуп келет.
Салтанат Абдираманова, кол өнөрчү:
- Бул жыгач аспапка 100 жыл болуптур. Ошол кезде чоң апаларыбыздын акылы айланма жыгачка кантип жеткенине таң калам. Мисалы, биз тиреп турсак чарчап калабыз, ошондуктан жыгачты айландырып жиберебиз. Кайра бул жерге алып келип алабыз. Мунун артыкчылыгы – ошол айландырганда ыңгайлуу болгонунда.
Байыркы кесип бүгүнкү күндө да маанисин жогото электигин өлкө деңгээлиндеги «Кийиз басуу» форуму тастыктап турат. Эски салт улукталган иш-чарада ар кайсы аймактардан келген чеберлер жүн сабап, текемет токушту. Казактын бул салтын улап келе жаткандардын бири — Марияш Алжанова.
Марияш Алжанова, кол өнөрчү:
- Менин эмгектерим жалаң жергиликтүү койдун жүнүнөн жасалган. Үйгө керектүү нерселердин баарын жасайм. Кийиз, ала кийиз басам, токуйм, куржун, аяк кап, кесе кап айтор баарын жасайм. Музейлер буйрутма берип жатат. Актау, Атырау боз үйдү жабуу үчүн ак кийизди сурап жатышат.
Аталган форумдун алкагында ата мекендик чеберлердин колунан жасалган түркүн түстүү оюп жасалган ала кийиздердин көргөзмөсү уюштурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков