Кызылордада көк-бөрү боюнча чемпионат өтүүдө

Кызылордада көк-бөрү боюнча чемпионат өтүүдө

Кызылордада көк-бөрү боюнча Казакстандын XXIII чемпионаты башталды. Ага өлкөнүн 15 облусунан 300гө жакын спортчу катышууда. Биринчи күнү командалар арасында тайпалык мелдештер өттү. Алдыда сынактын кийинки этаптары турат. Турнирдин финалдык бөлүгү чын куран айынын 29да өтөт. Дал ушул күнү жеңүүчүлөрдүн ысымдары белгилүү болот. Эске сала кетсек, бул мелдеш 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында тандоо туру болуп саналат. Эл аралык масштабдуу спорттук иш-чара быйыл аяк оона айында Астанада өтөт.

 

Ырыскелди Байтасов, Костанай облусунун көк-бөрү боюнча курама командасынын машыктыруучусу:

- Былтыртан бери даярдандык, турнир өткөрдүк, даярдык жакшы, бул оюндарда жакшы жыйынтык көрсөтүп, байгелүү орундарды алабыз деп ишенебиз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков