Казакстан Парламент Сенатынын жана Мажилисинин төрагалары Маулен Ашимбаев
менен Ерлан Кошанов, ошондой эле Премьер-министр Олжас Бектенов Астанадагы «Отан
Ана» монументке гүл коюшту. Салтанаттын катышуучулары казакстандык ардагерлерди, тыл
эмгекчилерин жана согушта курман болгондордун баарын бир мүнөттүк унчукпай
туруу менен эскеришти. Жеңиш күнү тарыхтагы эң маанилүү даталардын бири
бойдон калып, бизге тынчтыктын баалуулугун, муундардын уландысын, өлкөдөгү
ынтымакты жана тынч жашоону сактоо жоопкерчилигин эскертет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

