Президент Португалия Президентин жана элин куттуктады

Президент Португалия Президентин жана элин куттуктады

Мамлекет башчы Португалия Президентин жана элин улуттук майрамы «Португалия күнү» менен куттуктап, телеграмма жиберди. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү күндө Португалия туруктуу өнүгүүдө, элинин жыргалчылыгын жана эл аралык аренада аброюн жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишип келе жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, Астана менен Лиссабондун ортосундагы достук мамилелер мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.