Сенат Спикери Маулен Ашимбаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Парламент Сенатынын Төрагасы Казакстандын Европадагы маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелген өлкөнүн жогорку темп менен өнүгүп келе жатканын белгиледи. Тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү маселелерине токтолду. Ошондой эле, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын мындан ары жандандыруу маанилүү экени өзгөчө белгиленди. Маулен Ашимбаев Парламенттин эки палатасында да Кипрдин мыйзам чыгаруу органы менен достук топтору иш алып барарын, ал топтордун дараметин натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин айтып өттү. Буга кошумча, Сенат спикери Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык реформалардын жыйынтыктарына, жаңы экономикалык моделге өтүү боюнча колго алынган чараларга токтолду. Кипрдин тышкы саясат мекемесинин башчысы Казакстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү жогору баалап, өз ара кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыктар экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков