Президент
Касым-Жомарт Токаев Маңгыстауга болгон иш сапары учурунда аймактагы укук коргоо
органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Мамлекет башчысы алар өлкө ичинде туруктуулукту
жана бейпилдикти сактоого чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Президент
кызматкерлерге коркунучтарга карабастан,
алар жүктөлгөн бардык милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып жатканын баса
белгиледи. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен офицерлерге жана сержанттарга
кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн II даражадагы «Айбын» ордендери, «Эрдиги
үчүн»
жана «күжүрмөн
эрдиги үчүн» медалдары ыйгарылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

