Касым-Жомарт Токаев чет элдик инвесторлар кеңешинин 36-пленардык жыйынына катышуучулар менен бир катар жолугушуулар өткөрдү. Мамлекет башчысы Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын президенти менен экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулады. Одиль Рено-Бассо “жашыл экономика” өнүктүрүү банкынын талаптарын аткаруунун алкагында Казакстандын экономикасына 2 миллиард евро салууну пландап жатканын билдирди. Ал эми Microsoft компаниясынын Борбор Европадагы жана Борбор Азиядагы президенти менен IT - индустриясын өнүктүрүү жана стартаптар үчүн толук экосистеманы түзүү багытында кызматташууну талкуулашты. Касым-Жомарт Токаевге корпорациянын Казакстандагы кеңсеси мультирегионалдык хабка айланганы тууралуу айтылды. Анын ишмердүүлүгү Борбордук Азия, Азербайжан, Армения, Грузия, Монголия жана Пакистан өлкөлөрүн камтыйт. Келерки жылы улуттук жасалма интеллект борборун ачуу пландалууда. Буга кошумча президент өлкөдөгү эң ири алтын өндүрүүчү Solidcore Resources компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү менен жолугушту. Инвестор Павлодар жаңы гидрометаллургиялык комплекстин курулушун баштады. Мында 98% жакын алтын үлүшү бар Доре куймасын чыгаруу пландалууда. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Polpharma компаниясы байкоочу кеңешинин төрагасы Ежи Старакты кабыл алды. Мамлекет башчысына компаниянын сапатын көзөмөлдөө лабораториясынын жана илимий-изилдөө сыноо борборунун курулушу тууралуу маалымат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков