Мажилис депутаттары конституциялык реформалардын маанилүүлүгүн белгилешүүдө

Мажилис депутаттары конституциялык реформалардын маанилүүлүгүн белгилешүүдө

Казакстандагы конституциялык реформалар 30 жылдын ичинде парламенттин ишин өзгөртүп, шайлоочулар менен жаңы диалог түздү. Эң масштабдуу реформалар мындан үч жыл мурда болгон. Ошондо төмөнкү палатадагы 30%дык квота кеңейтилген. Мажилиске аялдар жана жаштардан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да кирген. Андан тышкары, түзөтүүлөр менен аралаш шайлоо системасы киргизилген: депутаттардын 70%ы партиялык тизме менен, ал эми 30%ы бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Ошондой эле, эгерде эл өзүн-өзү көрсөткөн депутаттын ишине нааразы болсо, анын мандатын кайтарып алууга болот. Эксперттердин пикиринде, мындай система депутаттарды шайлоочулардын талаптарына көңүл бурууга милдеттендирет. Азыр Мажилисте 6 партия өкүлчүлүк кылат.

Динара Наумова, КРнын Парламентинин мажилисинин депутаты:

-Менин оюмча, парламент жаңы түстөргө ээ болду.  Бул чечимдерди кабыл алуу жагынан кубандырбай койбойт. Тигил же бул жумушчу топторунда талкуулап, пикир алышканда, биз ар дайым ар кандай пикирлер, ар кандай көз караштар бар экенин айтабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков