Мамлекет
башчысына Көкшетау шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планын тааныштырды. Облус борборунун аймагы
7 миң гектарга көбөйөт. Шаарда калктын санынын өсүшү болжолдонууда, ошондуктан
бул жерде 10 миллион чарчы метрге жакын турак жай куруу мерчемделип жатат. Учурда ЖЭБ, көп
тармактуу оорукананын имараттары, Жарандык коргоо академиясы жана көп
функционалдуу спорттук комплекс курулуп жатат. Индустриалдык зона түзүлүүдө.
Президентке
«Көк
шалгын»
паркынын долбоору тааныштырылды.
Касым-Жомарт
Токаев ошондой эле Көкшетау шаарындагы «Көк
шалгын» аттуу бирдиктүү
коомдук жайдын долбоору менен таанышты. Шаардын негизги жерлери – Түбөлүк от
паркы, Даңк аллеясы, Көз карандысыздык аянты бирдиктүү архитектуралык чечим
менен туристтик маршрутка бириктирилет.
Мамлекет
башчысы Digital Aqmola борборуна барды
Ал
эми Digital Aqmola борборунда Касым-Жомарт Токаевге i-Komek бирдиктүү байланыш
борборунун ишин, транспортко, турак жай-коммуналдык чарбага, коопсуздукка,
экологияга жана саламаттыкты сактоого мониторинг жүргүзүү системасын
көрсөтүштү. Ошондой эле аймактын инвестициялык долбоорлору менен тааныштырышты.
Мисалы, агрардык тармакта жасалма интеллект пилоттук режимде колдонула баштады.
Анын жардамы менен түшүмдүүлүктү жогорулатууга болот. Ошондой эле теле көпүрө
режиминде Косшы шаарына жаратылыш газын берүү башталды.
Мамлекет
башчысы шахмат үйүнө барды
Мамлекет
башчысы Акмола облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Көкшетау шаарындагы
Шахмат үйүн көрдү. Буга чейин бул имарат президенттин аймактык резиденциясы
катары колдонулган. Бирок Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча объект
балдарга берилди. Азыр адистештирилген борбордо окуу-машыгуу жыйындары, алдыңкы
гроссмейстерлердин мастер-класстары өткөрүлүп, спортчулар абройлуу турнирлерге
даярданууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

