Казактын жаш жазуучусу Малика Кабдылхактын китептери бүт дүйнөгө белгилүү. Жаш жазуучунун эмгектери АКШдагы жана дүйнөдөгү эң ири санариптик соода платформасы Амазондо чоң суроо-талапка ээ. Малика англис тилинде бир нече иллюстрациялуу аңгемелерди жараткан. 8 жаштагы таланттуу казак кызы бош убактысынын баарын чыгармачылыкка арнайт. Белгилүү бир жанр жок. Кайсы темада болсо да жаза берет. Анын биринчи жолу жарык көргөн эмгектеринин биринде Боб жана Роб аттуу эки роботтун достугу баяндалат. 16 беттен турган китеп 5 жаштан 12 жаш аралыгындагы жаш окурмандарга арналган.
Малика Кабдылхак, жазуучу:
- «Боб жана Роб» — бул эки роботтун достугу тууралуу чыгарма. Эки дос кадимки балдар сыяктуу бактылуу күндөрүн чогуу кызыктуу өткөрүшөт. Алар ар кандай кызыктуу окуяларга туш болушат. Китептеримди көбүнчө мектептеги тапшырмаларды аткаргандан кийин кечинде жазууга киришем.
Малика китепке болгон сүйүүсүнөн улам жазуучулукка өткөнүн айтат. Эрте тамга тааныган тырышчаак кыз алгачкы аңгемелерин 5 жашынан тарта жаза баштаган. Жалган куран айынын башында ал Amazon Kindle Direct Publishing платформасына «Нооруз майрамына арналган суу» деген жаңы китебин кошту. «Аминанын Ноорузу» деп аталган эмгек казакча сөздөрдү колдонуу менен англис тилинде жазылган. Китепте улуттук майрамга байланыштуу түшүнүктөр, тамак-аштар, оюндар сыяктуу казактын салттары камтылган.
Малика Кабдылхак, жазуучу:
- Менин бул китепти жазуума өзүмдүн түпкү маданиятым жана Казакстанга болгон сүйүүм түрткү болду. Ошондуктан туулган жеримдин маданиятын бүткүл дүйнө эли билсин деп китеп чыгардым. Анткени казак маданияты абдан бай жана анын тарыхы тереңде. Мен Казакстанда Нооруз майрамы кандай белгиленип жатканын кеңири жайылткым келди. Бул биздин маданий мурасыбыз. Биз аны менен сыймыктанып, сакташыбыз керек. Ошондуктан адамзат кыялданып, ошол максатына жете билиши керек деп эсептейм.
Малика Amazonдо дагы эки роботтун досу тууралуу аңгемесин жарыялоону мерчемдеп жатат. Кийинчерээк жаш калемгер алар тууралуу классикалык кагаз түрүндөгү китеп басып чыгарууну көздөөдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков