Мамлекет башчысы балдардын укуктары боюнча өкүлдү кабыл алды

Мамлекет башчысы балдардын укуктары боюнча өкүлдү кабыл алды

Казакстанда балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен мыйзамга 120 өзгөртүү киргизилди. Президент Касым-Жомарт Токаевге Динара Закиева аткарылган иштер тууралуу айтып берди. Быйыл 13 региондогу кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо боюнча 112 үй-бүлөнү колдоо борбору натыйжалуу иштеп жатканы белгилүү болду. Президент балдардын укуктарын коргоого кепилдик берүү системасын күчтөндүрүүнү жана мектептерде Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.

Президент Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ермек Сагымбаевди кабыл алды. Президентке мекеменин жыл башынан берки аткарган иштери тууралуу отчет берилди. Терроризмге каршы борбордун кезектеги жыйыны өткөнү айтылды. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик тутумун өнүктүрүү боюнча комплекстүү планды ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Президент улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков