Казакстанда токой жана сейил бак аянттарын кеңейтүү көздөлүп жатат

Казакстанда токой жана сейил бак аянттарын кеңейтүү көздөлүп жатат. 2027-жылдын аягына чейин 1 миллиарддан ашык көчөт отургузулат. Жалпысынан токой өнөр жайы тармагына инвесторлор активдүү тартылат. Президенттин тапшырмаларынын алкагында республиканын токой фондусун көбөйтүү маселеси боюнча чаралар Өкмөттүн жыйынында талкууланды. 2021-жылдан бери республиканын аймагында 970 миллион көчөт отургузулган. Ал эми 5 жылдын ичинде өлкөнүн токойлуу аянты 267 миң гектарга көбөйгөн.  Токой чарбаларын, сейил бактарды жана резерваттарды өрткө каршы атайын техника менен жабдуу боюнча да чоң иштер жүргүзүлүүдө. Быйыл бул максатка 52 миллиард теңге бөлүнгөн. Ошондой эле тармактык департамент токой өрттөрүн эрте аныктоо системасын ишке киргизгенин билдирди. Ал мамлекеттик токой фондусунун 900 миң гектар жерин ээлейт. «Бурабай» улуттук паркындагы ишке киргизүүнүн аркасында өрттүн орточо аянты дароо 50 эсеге кыскарды. Наркы үч миллиард теңгеден ашкан ушундай эле система келерки жылы «Семей токою» резерватына да киргизилет.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

– Токой аянттарын жана сейил бактарды кеңейтүү, келечек муундар үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо экологиялык кырдаалды жакшыртуу чөйрөсүндөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул өтө оор жана узак мөөнөттүү жумуш. Андыктан ага дайыма көңүл буруу маанилүү. Мамлекет башчысы 2 миллиард бак-дарак отургузуу милдетин койду. Бул өлкөнүн токой фондусунун аймагын 14 жарым миллион гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бизде чоң токойлуу жерлер жок. Ошондуктан токой фондусун көбөйтүү үчүн, колдо болгон токойду сактоо үчүн да бардык күч-аракетти жумшоо зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков