Өлкөдө
структуралык реформаларды ишке ашыруу, инфраструктураны жаңылоо жана алдыңкы
тажрыйбаларды киргизүү. Казакстан бул багыттардын өнүгүшүнө түрткү берүү үчүн
эл аралык каржы институттары менен бирге бир катар долбоорлорду колго алат.
Премьер-министр Олжас Бектенов ушул категориядагы уюмдар менен кызматташуу
боюнча координациялык кеңеште биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн
талкуулады. Мисалы, быйыл Актөбе шаарында канализациялык тазалоо курулмаларын
куруу пландаштырылган. Долбоор Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын
колдоосу менен ишке ашмакчы. Ошондой эле жыйында Эл аралык кайра куруу, өнүктүрүү
банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан адамдык капиталды, ишкердикти жана
жасалма интеллект тармагындагы рынокторду өнүктүрүүгө багытталган
институционалдык долбоор каралды. Экономиканын негизги секторлорунда
инновацияларды коммерциялаштырууну тездетүү жана колдоо механизмдерин
өркүндөтүү боюнча ыкмалар көз жаздымда калган жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

