Астанада «Аль-Жазира менен бир жума» аяктады. Алгачкы жолу Казакстанда гана эмес, Борбордук Азияда Максүт Нарикбаев атындагы университеттин 80ден ашык студенти дүйнөлүк медиа лидердин мыкты адистеринин тажрыйбасын жана заманбап журналистикада эң керектүү билимге ээ болуп, өздөштүрө алды. Курстун аягында тренингдин ар бир катышуучусу өз долбоорун коргоп, атайын сертификатка ээ болду. Белгилей кетсек, окуу курсу Казакстан президентинин телерадиокомплексинин колдоосу менен уюштурулду.
Хадиша Елеусин, MAQSUT NARIKBAYEV UNIVERSITY эл аралык журналистика мектебинин студенти:
- Эң негизгиси тажрыйба болду. Бул тренинг жүрүшүндө мен жалпы телеберүүнү тандадым. Эл аралык журналисттерден абдан көп тажрыйба болду. Эң негизгиси, стресстик учурда, маселе пайда болгон кезде көйгөйдү кандай чечүүнү үйрөндүк.
Амина Козыбакова, МAQSUT NARIKBAYEV UNIVERSITY эл аралык журналистика мектебинин студенти:
- Мен Ресул Этэштин курсуна катыштым. Ал кабарчы жана алып баруучу. Ал куралдуу кагылышууларда жана табигый кырсыктарда эфирге чыккан адам. Ошондуктан ал кыйын мезгилдеги иш тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Бул чындыгында кыйын. Анткени камераны кармамак түгүл, жардам бере турган эч ким болгон эмес. Бул татаал, бирок абдан сонун кесип. Муну менен катар, Ресул Этэш мырза чыныгы журналистика дүйнөдө болуп жаткан окуяларды элге түшүндүрүүгө багытталышы керек, дейт.
Университеттин провосту Сергей Пендин айтымында, куралдуу кагылышуулар учурунда курч кырдаалды көтөрүүдөн жана согуш талаасынан жаңылыктарды берүүдөн тартынбаган жалгыз телеканал адистеринин келиши казакстандык болочок журналисттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ушундай жол менен гана глобалдык стандарттардан калышпоого болот, дейт ал.
Сергей Пен, MAQSUT NARIKBAYEV UNIVERSITY провосту:
- Биз бир чечимге келип, Аль-Жазира медиаинституту менен меморандумга кол койдук. Бул программа институционалдык, башкача айтканда, туруктуу болот деген ишенимдебиз. Жылына кеминде 1 жолу Аль-Жазира адистери мында келип тажрыйба алмашат. Ушул программанын бүтүрүүчүлөрү келечекте өз уюмдарын түзөт деген үмүтүбүз бар. Мындагы максат - университет студенттерине биз эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берерибизди көрсөтүү.
Айта кетсек, Эл аралык журналистика мектеби муну менен эле чектелип калбайт. Дүйнөдөгү алдыңкы маалымат агенттиктери жана телеканалдары менен дал ушундай максатта кызматташтык орнотууну көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков