Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды улуттук майрамы менен куттуктап, эгемендүү өлкөнүн эмгек сиңирген жарандарына жогорку жана мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшырды. Президент өлкөнүн эгемендиги жөнүндө Декларация кабыл алынган күндү ыйык көз карандысыздыктын башталышы катары белгиледи. Ынтымактуу улут-күчтүү мамлекеттин кепили. Масштабдуу саясий өзгөрүүлөр аркылуу мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнүн жаңы багыты аныкталды. Конституциялык реформаны ишке ашыруунун натыйжасында бийликтин негизги институттары кайра түзүлүп, туруктуу саясий система куралды. Бул саясий системанын негизи ачыктык жана адилеттүүлүк, натыйжалуулук жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк. Эң башкысы, элге кызмат кылуу принциби камтылган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Атомдук электр станциясын куруу боюнча жакында өткөн референдумдун жыйынтыгы буга ачык далил. Жарандардын 70 пайыздан ашыгы АЭСти курууну колдоп добуш беришкен. Бул биздин элибиз тагдыр чечүүчү көз ирмемдерде чыгуу жолун тандаарын көрсөттү. "Ар кандай көз караштар, бирдиктүү улут" принциби – биздин мамлекеттик саясаттын негизи. Жалпысынан, энергия тартыштыгынын көбөйүшү биздин өлкө үчүн өтө актуалдуу маселелердин бири. Аны убагында чечпесе экономикабыздын өнүгүшүнө тоскоол болуп, жарандардын жашоо сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мамлекет башчысы адилеттүү Казакстандын экономикалык багыттарына ылайык чоң иштер жасалып жатканын белгиледи. Өлкөнүн транспорт, энергетика жана өнөр жай системалары оңдолуп жатат. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы айыл чарбасынын өнүгүү темпине токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы ролун бекемдөөнү улантат. Азыр күзгү оруп-жыюу иштери аяктады. Дыйкан жамаатына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Жазгы суу ташкынына карабастан, 26 миллион тоннадан ашык дан жыйналды. Бул рекорддук көрсөткүч. Буга мамлекет тарабынан реалдуу жардам дагы өбөлгө түзгөнү анык. Быйыл жазгы себүү өнөктүгүнө арзан насыялардын көлөмү үч эсеге өстү.
Президент белгилегендей, чакан жана орто бизнес калктын активдүү бөлүгүн экономикада иш менен камсыз кылат. Экономиканы либералдаштыруу боюнча жарлык ишкердик активдүүлүктү жогорулатууга тийиш. Президент өлкөдөгү артыкчылыктуу социалдык тармактарга токтолду. Мында саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин ар тараптуу колдоо улантылат. Тышкы саясатка келсек, Казакстан дүйнөлүк аренада өз ордун ырааттуу бекемдөө жолу менен туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана глобалдык чакырыктарды жеңүүгө олуттуу салым кошуп келет. Президент өлкөнү стабилдүүлүктүн жана ынтымактын орду болуп калуу үчүн колдон келген аракетти жумшай турганын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков