Франция Арал деңизинин маселесин Казакстан менен бирге чечет

Франция Арал деңизинин маселесин Казакстан менен бирге чечет

Бүгүнкү күндө Аралдын экологиялык абалы бүткүл дүйнөнүн көңүлүндө. Бул орчундуу жана актуалдуу маселе Казакстан БУУнун Башкы ассамблеясынын аяк оона айында өтүүчү 79-сессиясында Франция менен бирге өткөрүүнү пландап жаткан One Water Summit саммитинин алкагында талкууланат. Буга байланыштуу Франциянын президентинин атайын өкүлү Барбара Помпили жетектеген делегация Кызылорда облусуна келип, кургап калган Аралдын абалын көрдү. Келген коноктор алгач балыкчылардын музейине барышып, анда  убагында дүйнөдөгү 4-чоң көл деп эсептелген деңиздин бүт тарыхы менен таанышты. Андан соң делегация Көкарал плотинасына барып, Кичи Аралдын азыркы абалына көз салышты. Мындан тышкары меймандар токой паркына барышты. Мында көчөттөр деңиздин кургак жерине отургузулат.

Барбар Помпили, Франция президентинин атайын өкүлү:

– Аралдын экологиялык абалы абдан актуалдуу. Биз муну бир суу саммитинде дүйнөгө көрсөткүбүз келет. Жалпысынан климаттын өзгөрүшүн талкуулоого арналган “Бир планета” конференциясы биздин демилге менен 7 жолу өттү. Бул жыйындарга 140 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, 45 документке кол коюлду. Бул жолу Арал боюнча өзгөчө маселе көтөрүлгөндүктөн, конкреттүү демилгелер көтөрүлөт деген ойдобуз. 

Суу саммитинде эки өлкөнүн – Казакстан менен Франциянын биргелешкен күн тартиби жарыяланат.

Зүлфия Сулейменова, президенттин эл аралык экологиялык кызматташтык боюнча атайын өкүлү:

– Жалпысынан бул саммиттин негизги максаты суу маселесине саясий көңүл буруу. Ар кайсы өлкөлөр ар кандай көйгөйлөргө туш болушат. Деген менен биз бул маселелердин баарына кандай чечимдерди чыгара алабыз деген ой менен бул даярдыктарды жүргүзүп жатабыз.

Серик Сермагамбетов, Кызылорда облусу табигый ресурстар жана табият пайдаланууну жөнгө салуу башкармасынын башчысы:

– Учурда Арал деңизиндеги суунун көлөмү 21 миллиард куб метрден ашты. Суунун көлөмү былтыркыга караганда жакшы. Аралды куткаруу фондуна төрагалык кылуу менен быйылкы жылдан баштап баарын ойлонобуз. Мындан тышкары, Суу министрлигин түзүү да чоң таасирин тийгизүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков