Мамлекет башчысы дүйнөлүк нейрохургия тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет башчысы дүйнөлүк нейрохургия тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Астанага Уолтер Эдуард Денди атындагы нейрохирургиялык коомдун Х бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышуу үчүн келген дүйнөнүн нейрохирургиялык коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, мындай форумдун Казакстанда өтүшү ата мекендик нейрохирургиянын жетишкендиктери кеңири таанылганын көрсөтөт. Ал ошондой эле конгресс нейрохирургия жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, алдыңкы тажрыйбаларды жана технологияларды алмашууга көмөктөшөөрүнө ишенимин билдирди. Президент биздин өлкө нейрохирургияда жасалма интеллектти колдонууга өзгөчө маани берип жатканын айтты. Санариптик жана роботтук технологиялардын аркасында ата мекендик нейрохирургия тармагы гүлдөп жатат. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын дүйнөлүк медицинаны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Өз кезегинде жолугушуунун катышуучулары Казакстанда нейрохирургияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, адистерди даярдоо жана алдыңкы технологиялар менен алмашуу жагынан колдоо көрсөтүүнү макулдашты.

Которгон: Назира Бегалиева