Кызылорда облусунун Арал шаарында Казакстан менен Өзбекстандын Сенатынын депутаттары кызматташтык комиссиясынын экинчи жыйынына чогулушту. Жыйынга онлайн режиминде катышкан Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев бүгүн эки өлкөнүн мамилеси боордош өлкөлөрдүн тарыхында жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул кызматташтык эки өлкө үчүн маанилүү болгон Арал маселесин чечүүгө салым кошот. Палатанын төрагасы деңиз деңгээлин кармап туруу үчүн САРАТС долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Маулен Ашимбаева, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Биздин мамлекеттердин жетекчилери Арал маселесин чечүү жана чек арадагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маанилүү жана актуалдуу маселе экенин ар дайым баса белгилеп келишет. Бир кезде уникалдуу суу сактагыч болгон Арал деңизи азыр аймактын өлкөлөрү үчүн чоң экологиялык көйгөйгө айланууда. Бул кызматташтыкты чыңдоо жана Аралды жандандыруу үчүн мыкты тажрыйбаларды жана технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү экени талашсыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков