Мамлекет башчысына депутаттык корпустун мыйзам чыгаруу иши тууралуу маалымат берилди. Касым-Жомарт Токаев Мажилистин төрагасын кабыл алды. Ерлан Кошановдун айтымында, сессия башталгандан бери 31 мыйзам кабыл алынып, Сенатка жөнөтүлгөн. Ошондой эле 15 мыйзамга Президент кол койду. Алардын арасында Бюджеттик кодекс, биржалык соода маселелери боюнча мыйзамдар, нарко кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү, «келечек» бирдиктүү ыктыярдуу топтоо системасын киргизүү жана башкалар бар. Азыр депутаттар 71 мыйзам долбоорун карап жатышат. Ал салык, суу, курулуш, санарип кодекстери жана мыйзам долбоорлору менен иш жүргүзүлүүдө. Мажилис төрагасы ошондой эле парламенттик дипломатия багытындагы иштердин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

