Казакстан менен Германиянын ортосундагы «Ишкер байланыштар» программасынын ишке киргенине 15 жыл толду. Өз ара аракеттенүүнүн бул инструментинин аркасында жети жүздөн ашуун казакстандык ишкерлер чет өлкөлөрдө тематикалык бизнес-такшалмадан өтүштү. Алар немис бизнеси менен өнөктөштүк байланыштарды кеңейте алышты. Технологиялар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн трансферин орнотушту. Астанада ишкер кызматташтык программаларын ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча кеңейтилген конференция болуп өттү. Долбоордун негизги багыттары «жашыл» энергетика, ЭКБ жана эко технологиялар болду. Бул багыттар Казакстандын 2060-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугу боюнча максатына жетүүдө чечүүчү ролду ойнойт.
Герлинд Хекманн, Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин өкүлү:
– Албетте, көптөгөн тармактарды камтыйт. Айыл чарбасы болобу же жеңил өнөр жайы болобу. Жалпысынан биз ишкерлерге экономиканын негиздерин үйрөтүүгө аракет кылабыз. Мындан тышкары, биз кайра жаралуучу энергия тармагында иштеген ишкерлер менен тажрыйбабызды бөлүшөбүз. Биз Казакстанга керектүү билим берүүгө жана керектөөлөрдү эске алууга багытталганбыз.
Дагы бир маанилүү жыйынтык – жаңы келишимдерди түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу. Казакстан жана Германия компаниялары – «Ишкер байланыштар» программасынын катышуучуларынын ортосундагы жыл сайын 5 млн евродон ашык товар жүгүртүү. Такшалманын жыйынтыгы боюнча кызматташуу тууралуу макулдашкандардын бири - Акнур Ермашева.
Акнур Ермашева, ишкер:
– Биз программага катышууну чечип, бул үчүн документтерди тапшырдык. Тандоодон кийин Берлинге барып, келишимдерди түздүк. Дүйнөдөгү төртүнчү экономика болгон Германияда өндүрүлгөн өнүмдөр жогорку сапатта экени белгилүү. Бул керектөөчү үчүн абдан маанилүү пункттарынын бири. Анткени, өнүмдөргө суроо-талаптын кепилдиги болуп саналат.
Ушул жылдын аягына чейин ата мекендик чакан жана орто бизнес секторунун өкүлдөрү Германияда экономикалык кооперация, акылдуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, «жашыл технологиялар», ошондой эле медицина сыяктуу беш адистештирилген программанын алкагында бизнес-такшалмадан өтө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков