Казакстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Ошол эле учурда өлкө эволюциялык темп менен бара жатканын Орусия илимдер академиясынын, Кытай жана азыркы Азия институтунун адистери белгилешет. Ал эми саясий жана экономикалык реформалардын жаңы багытын эске алуу менен бул учун бардык алгылыктуу шарттар бар экендигин айтышат. Өлкөдө өткөн президенттик шайлоо да республика демократиялык өнүгүүнүн жаңы векторуна ээ болгонун айгинелейт. Анын принциптери баарынан мурда жарандардын жыргалчылыгынын өсүшүнө негизделген.
Александра Перминова, Кытай жана азыркы Азия институтунун илимий кызматкери:
Дүйнөлүк тартиптин өзгөрүп, баш аламандыктын орун алып жатканына, жалпысынан регионалдык лидерлердин алмашып жатканына байланыштуу Казакстандын Борбордук Азияда гана эмес, ошондой эле регионалдык лидер катары өзүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар. Бүтүндөй Евразия чөлкөмүндө мындай көрүнүштөр башталды жана ал ийгиликтүү уланат деп ишенебиз. Бул багыттагы кадамдар мындан ары да ийгиликтүү уланат деп ишенем. Жалпы өкмөт менен парламенттин жаңыланышы Казакстандын эволюциялык темп менен туруктуу өнүгүүсүнө жол ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков