Казакстан менен Беларусь стратегиялык кызматташтыкты күчөтөт

Казакстан менен Беларусь стратегиялык кызматташтыкты күчөтөт

Казакстандын президенти Беларустун премьер-министрин кабыл алды. Акордадагы жолугушуу учурунда Касым-Жомарт Токаев менен Александр Турчин эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын, өнөр жай кооперациясынын жана маданий-гуманитардык байланыштын келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы беларустук премьердин Астанага болгон биринчи расмий сапары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн өзгөчө мүнөзүн жана аны андан ары өнүктүрүүгө болгон бекем чечкиндүүлүгүн тастыктай турганын баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бул сапарды биздин мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү деңгээлин жана албетте, бул байланыштардын мазмунун эске алганда абдан маанилүү деп эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соодага келсек, ал ийгиликтүү өнүгүп жатат, болжол менен 900 миллиондон 1 миллиард долларга чейин. Менин билишимче, Казакстан Беларусь үчүн экинчи соода өнөктөшү болуп саналат. Биз тиешелүү натыйжа менен эң позитивдүү иштөөгө даярбыз, анткени биз кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшү уланышын каалайбыз.


Өз кезегинде Александр Турчин Касым-Жомарт Токаевди өз ара пайдалуу диалогдун жогорку темпин мындан ары да колдоого жана мамлекет башчылары койгон милдеттерди практика жүзүндө ишке ашырууну координациялоого ниеттенип жатканына ишендирди.


Александр Турчин, Беларусь Премьер-министри:


- Мен сизге биздин өлкөнүн Президенти Александр Григорьевич Лукашенконун эң жылуу каалоолорун жеткиргим келет. Кечээ эле биз аны менен узак убакыт сүйлөштүк, мен Казакстанга эмне максат менен учуп баратканыбызды кеңири айтып бердим. Биз Беларуста Казакстандын өнүгүүсүнө көз салып турабыз жана сиздердин ийгиликтериңиздерге кубанып жатабыз. Өлкө узак убакыттан бери туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп келет жана биз сиздердин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктериңиздерге кубанбай кое албайбыз.


Белгилей кетсек, Казакстан менен Беларусь ортосундагы өз ара товар жүгүртүүсү кыйла көбөйүүдө. Ушул жылдын 8 айында эле ал 2024-жылга салыштырмалуу 20%га өстү. Өнөр жай кооперациясынын алкагында 204 миллион долларга 12 долбоор ишке ашырылды. Дагы 3 долбоор иштелип чыгууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков