Казакстандын Улуттук музейинин этнография залында 250дөн ашык уникалдуу экспонат коюлду. Эми каалагандардын баары казак маданияты менен жакындан тааныша алышат. Зергерчилик искусствосунун жана килем токуунун ар түрдүүлүгүн көрсөтүүгө басым жасалган. Бул жерде оймо-чиймелерди жана аткаруунун ар кандай техникаларын көрүүгө болот. Кийиз шырдак жана ала кийиз казак элинин дүйнө таанымын чагылдырган. Экспонаттардын арасында гунндар, сактар жана скифтер урууларына таандык буюмдар да бар.
Берик Абдигали уулу, Улуттук музейдин мүдүрү:
- Бул сак дооруна таандык алгачкы килемдердин жана шырдактардын бири, алар Алтай сактарына таандык болгон. Биздин өлкөдө буга чейин чоң музейлерибизде ата-бабаларыбыздын байыркы килем токуучулугу көрсөтүлгөн атайын залдар ачылган эмес. Биз биринчилерден болуп калдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

