Улуу талаа-кушчулардын мекени. Жетисуда жети ата-бабадан бери саяпкерлик өнөрү менен алектенип келе жаткан үй-бүлө жашайт. Бүркүтбай Файзулланын колуна кыраан кондуруп келе жатканына 60 жыл болуптур. Жарым кылымдан ашык убакыттан бери улуттук искусствону даңазалап, 10го жакын бүркүт таптаган. Көптөгөн куш салуу сынактарында бүркүтүн сынап, алдыга чыккан.
Бүркүтбай Файзулла, бүркүтчү:
- Куш салуу өнөрү биздин тарыхыбызда 3000 жылдан бери уланып келе жатканы айтылат. Мен өзүм 7 жашымдан бери бүркүтчүмүн. Чоң атамдын 5 уулу болгон. Алардын 3ү бүркүт менен алектенишкен. Алардын бардык урпактары азыр бул канаттууларды багышат. Эми анын ичинен атамдан бери карай өзүмдүн балдарым, урпактарым улантышууда.
Ата салты урпактарга каада-салттын сакчысы бар экенин үйрөтүүдө. Уулу Жасулан да казак канынын кадырлуу өнөрүн коштоп мүнүшкөрлүк кылат. Ал Жетисуу аймагындагы куш таптоо боюнча машыктыруучусу. Азыр жаштарды улутубуздун асыл өнөрүнө аралашып жүрөт.
Жасулан Бүркүтбай, бүркүтчү:
- Бүркүттү адамдардан сатып алгандан көрө, аны кармап алган
жакшы. Өзүң тарбиялаганга эч нерсе жетпейт. Бул мен багып жаткан 4-куш.
Арасынан эң мыктысы. Бул түз бүркүт. Түз бүркүттү кармап тарбиялаганда уктатпайсың.
15 күн таштабай алып жүрөсүң. 15 күндөн кийин гана сизге карай кайрылат.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

