Алматыда Жошы улусунун 800 жылдыгына карата алгачкы жолу "Хан Султан. "Алтын Ордо" операсы сахналаштырылды. Улуттук опера Алтын Ордонун жаралуу тарыхына негизделген. Тарыхый драма эки бөлүктөн турат. Театр жетекчиси артисттеринин, симфониялык оркестр менен хордун катышуусунда тарыхый доорду реалдуу түрдө сахналаштырды. Улуттук операнын башкы каарманы-Жошы хандын аялы, Алтын Ордонун башкаруучуларынын бири Берке хандын энеси Хан Султан. Ал ошол мезгилдин тарыхында өзүн да, уулдарын да Жошы улусундагы негизги инсандардын катарына кошкон улуу адам.
Операга солисттер, оркестр,
хор, балет топтору жана башка катышуучуларды кошкондо 300гө жакын өнөрпоздор бир сахнада чогулушту.
Атайын 170тен ашык сахна кийимдери тигилди. Белгилей кетсек,
спектаклди коюуга италиялык белгилүү режиссер Давиде Ливерморе чакырылган.
Давиде Ливорморе, Операнын режиссеру:
- Операда
эң башкысы аялдын,
эненин образын ачууга аракет кылдык. Биз буга жетиштик деп
ойлойм. Акыркы алты ай оңой болгон жок. Спектаклдин бардык материалдарын
ийне-жибине чейин изилдеп чыктым. Биздин команда операны мүмкүн
болушунча сапаттуу аткарууга, эң негизгиси тарыхтын көз карашынан алганда Улуу аялдын образын мүмкүн
болушунча ачууга аракет кылды.
Маралтай Ыбыраев, акын:
- Бул жерден көрүүчү энеге болгон сый-урматты көрө алат. Эне бардык нерсени кааласа, кара тоону да, ала тоону да ордунан козгоп, өз максатына жете ала турганын көрсөтөт. Мунун себеби, Хан Султан деген Хорезмшах кызы туткунга түшүп, атактуу Чыңгыз хандын уулу Жошыга жар болуп, Алтын Ордонун түптөгөн залкар инсандардын бири Беркени жарык дүйнөгө алып келген эне.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

