Казак тасмасы Дубай кинофестивалында баш байгени жеңип алды

Казак тасмасы Дубай кинофестивалында баш байгени жеңип алды

«Мукагали» Дубайды багындырды. Ата мекендик көркөм тасма эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алганын «Казакфильм» киностудиясы билдирди. Белгилүү режиссер Булат Калымбетовдун картинасы белгилүү казак акыны Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгына арналып, анын өмүрүнүн акыркы жылдарын баяндайт. Белгилей кетсек, META Film Fest фестивалында 25 өлкөдөн 70тен ашуун тасма тартууланган. Конкурстук программага төрт казакстандык тандалып алынган. Булар «Улуу талаа таңы», «Акын», «Ат уурулар» жана «Мукагали». Акыркы тасма дүйнөгө биринчи жолу 25-Таллин кара түндөр кинофестивалынын алкагында тартууланды. Ал жерде ал өкүмдүк калыстын сыйлыгына татыктуу болгон. 2022-жылдын жазында Индияда өткөн 26-эл аралык кинофестивалдын Дүйнөлүк кино секциясында казак адабиятчысы сынчысы тууралуу өмүр баяны тартууланган. Ошондой эле «Мукагали» тасмасы Казан кинофестивалында калыстар тобунун атайын байгесине ээ болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков