Казак
акробаттары Гиннестин рекорддор китебине кирди. Алматы циркинин артисттери
Батыр Жанузак менен Марлен Маратов Миланда өткөн Lo Show Dei Record эл аралык
шоусунда дүйнөлүк көрсөткүчкө жетишти.
Акробаттардын бири экинчисин маңдайы
менен көтөрүп эки тепкичке баскан. Алар
трюкту 36,66 секундда аткарышты. Бул жетишкендик көрүүчүлөрдү гана эмес, эл
аралык калыстар тобун да таң калтырды. Буга чейин ата мекендик дуэт America’s
Got Talent, Britain’s Got Talent, China’s Got Talent жана башка эл аралык
сынактарга катышып, жеңүүчү аталышкан.
Батыр Жанузак, Алматы циркинин артисти:
- Биз көздөгөнүбүзгө жеттик. Бул Марлен, Зарина жана башка
көптөгөн адамдардын биргелешип иштешинин натыйжасы. Ынтымак жана биримдик
болбосо, биз мындай ашуудан өтө алмак эмеспиз. Баарыңарга чоң рахмат!
Которгон: Илгиз Жамалбеков

