Казакстандык күч сынашуучу America’s got talent шоусуна катышып, калыстарды багындырды

Казакстандык күчтүү адам Американы багынтууда. Сергей Цырульников Американын престиждүү Шоуларынын бирине America’s Got Talentке катышып, кийинки турга чыкты. Ал көрүүчүлөрдү чын дилден суктандырып, күч программасы менен калыстарды багындырды. Казакстандык сахнада жылаңач колдору менен тактайга жана көмөч казанга мык кагып, чынжырды үзүп, жада калса калыстар тобуна өзүнүн фирмалык буралган такаларын белекке берген. Белгилей кетсек, Сергей Цырульников - Гиннес китебинин жана Казакстандын алты жолку, дүйнөнүн төрт жолку рекордсмени. Ал бир нече жолу чет өлкөлөрдөгү ар кандай спорттук иш-чараларга катышкан. 34 өлкөгө барып, ар бир жолу Казакстандын күч маданиятын көрсөтүп келген.

Сергей Цырульников, шоунун катышуучусу:

– Америкага 3 ай мурун мени чакырды. Америкадан тышкары Германия, Британия, Кытай, Жапонияга да чакырышкан. Чакыруулар көп болду, бирок мен Американы тандадым. Учурда ал 120 миллиондон ашык көрүүчүлөрү бар дүйнөдөгү эң популярдуу шоулардын бири. Менин негизги милдетим жөн гана чыгып сүйлөө эмес, негизги милдет-өлкөбүздүн күч маданиятын, күч номерлерин көрсөтүү, биздин батырлардын тарыхы, Хажимукандын тарыхы. Америкалык коомчулук абдан жылуу кабыл алды.  Чет өлкөлүктөр биздин маданиятка, биздин күч маданиятыбызга, биздин баатырлардын мурасына абдан кызыкдар экенин көрсөтүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков