Касым-Жомарт
Токаев Си Цзиньпинге куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн
75 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Кытайды дүйнөдөгү лидер жана
глобалдык туруктуу өнүгүүгө, эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз
кылууга салым кошкон мамлекет катары белгиледи. Президент Казакстан менен
Кытайдын ортосундагы кызматташтык стратегиялык өнөктөштүк духунда динамикалуу
өнүгүп жатканына көңүл бурду. Эки өлкөнүн достук жана коңшулаштыкка негизделген
байланыштары тынымсыз бекемделе берээрине ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков