2029-жылга чейин экономиканын көлөмү эки эсеге көбөйүп, 450 миллиард долларга жетет. Бул республиканын өкмөтүнүн алдында турган чоң милдет. Буга жетишүү үчүн өлкө бир катар өнүккөн долбоорлорду жана ири өнөр жай өндүрүш ишканаларын ачууну көздөп жатат. Жакынкы 6 жылдын ичинде өлкөгө кеминде 150 миллиард доллар инвестиция тартуу көздөлүүдө. Ал үчүн ESG стандарттарын кабыл алуу да пландаштырылган. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов Чет элдик инвесторлор кеңешинин алгачкы жыйынында билдирди. Анда кызыктар тараптар Казакстандагы инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жана сунуштарды талкуулашты.
Алихан Смаилов, Казакстандын
Премьер-Министри:
- Өкмөт инвестициянын көлөмүн
арттырууга, жогорку технологияларды импорттоого, өлкөдө өндүрүштү жайгаштыруу
үчүн чийки затты кайра иштетүүчү кластерди түзүүгө кызыктар. Кайра иштетүү
тармагын интенсивдүү өнүктүрүү биздин башкы максатыбыз. Өкмөт экономикалык
өсүштүн динамикасын сактоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бардык
зарыл чараларды көрөт. Биз чет элдик өнөктөштөрүбүздү Казакстандагы
долбоорлорго инвестиция салууга чакрыбыз.
Алихан Смаиловдун айтымында, өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн зарыл болгон мыйзамдык база жана институционалдык чөйрө калыптандырылды. Атап айтканда, Өнөр жай саясаты жөнүндө мыйзам кабыл алынып, жаңы Өнөр жай жана курулуш министрлиги түзүлдү. Талкуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы бардык сунуштар Өкмөт тарабынан иштелип чыга турганын баса белгиледи. Ошондой эле, ал чет элдик инвесторлор кеңешинин жана республиканын инвестициялык климатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн компания жетекчилерине ыраазычылык каттарын тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков