К.Токаев: Казакстан Кытай менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө артыкчылыктуу маани берет

К.Токаев: Казакстан Кытай менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө артыкчылыктуу маани берет

Казакстан Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө артыкчылыктуу маани берет. Бул тууралуу Мамлекет башчысы КЭРдин республикадагы жаңы дайындалган элчиси Хань Чунльин менен жолугушууда айтты. Касым-Жомарт Токаев Кытай менен өз ара аракеттенүүгө кошумча дем берүүгө даяр экенин ырастады. Хан Чунльиндин айтымында, жогорку деңгээлдеги активдүү саясий диалог аркылуу эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти.  Элчи өз ара мамилелердин жогорку динамикасын сактоо жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков