Президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматы облусуна жумушчу сапары Алатау шаарынын өнүгүүсүнүн презентациясы менен башталды. Азыркы учурда шаардын аймагы 88 миң гектарды түзөт жана 2050-жылга чейин этап-этабы менен өнүгө турган төрт аймакка бөлүнөт. Бул жерде 2 триллион теңгеден ашык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат. Атап айтканда, Борбордук Азиядагы эң ири картошканы кайра иштетүүчү завод, бир катар тоют, дары-дармек өндүрүштөр курулуп, логистикалык кластер түзүлүүдө. Мындан тышкары, Мамлекет башчысына Алатаунун флагмандык көп функционалдуу комплексинин долбоору сунушталды.
Алатауну өнүктүрүү боюнча кеңешмеде Президент бул долбоор бүтүндөй өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Шаар ишкердик активдүүлүктүн жана инновациялардын борбору болушу керек. Учурда Алатау шаарын өзгөчө укуктук статуска ээ «тез өнүгүп жаткан шаар» деп атоого болот», — деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Бул үчүн салыктык жеңилдиктерди жана ишкердик үчүн эрежелерди жөнөкөйлөтүүнү камтыган бекем укуктук негиз бар. Бул Конституциянын негизинде түзүлгөн.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Атайын режимдин натыйжалуу иштеши
үчүн бирдиктүү мыйзамдык тутумду түзүү зарыл. Шаар аймагындагы ишкердик
ишмердүүлүктүн жана күнүмдүк жашоонун бардык негизги аспектилерин жөнгө салуучу
ачык, тунук жана сапаттуу укуктук базаны түзүү талап кылынат. Бул тутум эки
деңгээлди камтышы керек, анын биринчиси – конституциялык – негизги принциптерди
аныктаган, ал эми экинчиси – жөнгө салуучу – экономикалык ишмердүүлүктүн ар бир
чөйрөсүнө карата укуктук механизмдерди аныктайт.
Alatau City толугу менен санариптик шаарга айланат,
анда инфраструктура, шаардык кызматтар жана экономика чоң маалыматтардын, эң
акыркы технологиялардын жана «акылдуу» башкаруунун негизинде интеграцияланат.
Бул үчүн чыгымдар талап кылынат, ошондуктан, мамлекет башчы белгилегендей,
киреше базасы да түзүлүшү керек. Алатауну өнүктүрүү боюнча кеңешке шаардын
администрациясы менен биргеликте узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүнүн эффективдүү
финансылык-экономикалык моделин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошол эле учурда шаарды
өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын бекитүү керек. Президент белгилегендей,
инвесторлор жана шаардыктар Алатауну 10, 20 жана 30 жылдан кийин кандай болорун
так билиши керек.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Алатау белгилүү эл аралык борборлор
менен ийгиликтүү атаандашуу үчүн, санариптик активдер менен операцияларга жана
юрисдикциянын ичиндеги капиталдын өсүшүнө нөлдүк ставканы камтыган
тиешелүү укуктук шарттарды түзүү керек. Ошондой эле, экономиканын реалдуу
секторун, анын ичинде кыймылсыз мүлктү, инфраструктура объектилерин, чийки зат
активдерин токенизациялоо долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүү керек. Бул
санариптик куралдардын
туруктуу жана суроо-талапка ээ рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Алматы облусун
өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Мамлекет башчысы аймактын бир катар
тургундарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
Коротгон: Назира Бегалиева

