Евробиримдик Казакстандагы референдум боюнча маалымдама жасады. Биримдик кулжа айынын 5деги референдумдун жыйынтыгын эске алат - деп айтылат билдирүүдө. Европа биримдиги президент Касым-Жомарт Токаев баштаган саясий реформаларды колдойт. Ошондой эле коомчулук менен түз кеңештерди өткөрүү жана референдумга байкоо жүргүзүү үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросун чакыруу чечимин кубаттайт. Казакстан Евробиримдик үчүн маанилүү жана баалуу өнөктөш бойдон кала берет. Тараптар кеңейтилген өнөктөштүк келишиминин алкагында кызматташууну улантат - деп айтылат билдирүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков