Касым-Жомарт Токаев Костанай облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тобыл шаарында аймактын тургундары менен жолугушту. Президент суу ташкындан жабыркагандарга жардам көрсөтүү башкы милдет экенин белгиледи. Бул максатта мамлекет тарабынан мүмкүн болушунча жардам көрсөтүлөт. Өкмөт кыш түшкөнгө чейин кырсыктын кесепеттерин толук жоюуга тийиш.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Компенсация - башкы маселе. Чыгымдардын орду толтурулат. Ошону менен бирге, турак жайы жараксыз жарандар үчүн жаңы турак жайлар курулуп, оңдоого жарактуу үйлөр калыбына келтирилет. Ага бардык керектүү каражаттар бөлүнөт. Ким батирге көчкүсү келсе, биз батир сатып алып беребиз. Өз үйүндө калууну каалагандар үчүн типтүү үлгүлөрдөгү үйлөрдү курабыз. Бирок кооптуу жерлерде калууга такыр болбойт. Мындай үйлөрдүн долбоору бар. Бул үйлөр кышка чейин толугу менен курулат. Мен өкмөткө алдыдагы жай жана күз айларында бардык курулуш иштерин бүтүрүп, кырсыктын кесепеттерин толугу менен жоюуну тапшырдым.
Өз кезегинде тургундар мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Табигый кырсыктын алгачкы күндөрүнөн тарта жергиликтүү калктуу конуштарды коргоого ыктыярчылар, мамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулар активдүү катышууда. Бул элдин биримдигин көрсөтүп турат. Мамлекет башчысы суу каптоодон жапа чеккен элге конкреттүү жардам көрсөтүүдө ишкерлердин орду чоң экенине өзгөчө көңүл бурду. Эми суу ташкындын кесепеттерин жоюу үчүн ар бир облуска өлкөнүн ири ишкерлери бекитилет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин өлкөдө Forbesтун тизмесине кирген ири ишкерлер бар. Биз алар менен атайын жолугушабыз. Алар ар бир облус, район, жер-жерлерде бекитилип, аларга конкреттүү милдеттер жүктөлөт. Бул бир жагынан ишкерлердин кызыкчылыгына шайкеш келет. Анткени алар кошкон салымынын чыныгы жыйынтыгын көрүшөт. Элине кайрымдуулук кылган атуул катары сиздердин ысымдарыңыз мамлекет тарабынан көз жаздымда калбайт деп ойлойм.
Касым-Жомарт Токаев ыктыярчыларга, студенттерге, аймактардын эмгек жамааттарына жарандык активдүүлүгү жана кайдыгер эместиги үчүн ыраазычылык билдирди. Мына ушундай татаал мезгилде элдин биримдиги даана көрүнүп турат, деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков