Казакстан жана Кыргызстан стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүнү көздөшөт

Казакстан жана Кыргызстан стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүнү көздөшөт

Президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевди кабыл алды. Мамлекет башчысы конокту тосуп алып, анын өлкөгө болгон биринчи расмий сапарынын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн өзгөчө маанисин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосунда эч кандай карама-каршылыктар жана пикир келишпестиктер жок экенин жана жакын коңшулук мамилелер мындан ары да тереңдей берерин белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, муну бүткүл аймак үчүн тарыхый окуя деп атады. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргыз тарап өлкөдө ишке ашырылып жаткан, прогрессивдүү Казакстанды куруу үчүн бекем негиз түзгөн масштабдуу конституциялык реформаларды колдой турганын билдирди. Жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды жана мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты. Астана менен Бишкек стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чектөөсүз өнүктүрүүнү көздөшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков