Казакстан аял лидерлиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнө
үлгү. Астанада өтүп жаткан аялдардын саясий лидерлиги жана гендердик теңдик
боюнча алгачкы Улуттук конгресстин катышуучуларынын жалпы пикири ушуга
багытталган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн Парламентинин Мажилисинде аялдардын үлүшү
болжол менен 19%, ал эми Сенатта 23% түзөт. Ал эми министрлик курамында 4 аял
тармакты башкарып отурат. Казакстан саясатта аялдардын ролун андан ары
арттырууну көздөйт. Жыйындын жүрүшүндө өлкөдө гендердик бюджет киргизүү
сунушталды. Бул - мамлекеттик каржыны бөлүштүрүү учурунда аялдардын
кызыкчылыктары эске алына турган жаңы ыкма болмокчу.
Наталья Дементьева, Парламент межлисинин депутаты:
- Бүгүнкү күндүн тартибинде аял саясатчылардын жогорку
кызматтарда, тагыраак айтканда, парламентте же өкмөттө гана эмес, жалпы
аймактык деңгээлдеги ар кандай позицияларда өз ишин аткарган аялдардын андан
аркы мүмкүнчүлүктөрүн чектебестен, аларды андан ары башкы ролдорго жеткирүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

