Астанада эксперттер Курултайга күтүлгөн шайлоону талкуулашты

Астанада эксперттер Курултайга күтүлгөн шайлоону талкуулашты

Келечектеги Курултайга шайлоо Казакстандын партиялык системасынын өнүккөндүгүнүн көрсөткүчү болот. Мындай пикирин Казакстандык талдоочулар билдиришти. Алардын пикиринде, негизги көңүл саясий билдирүүлөргө гана эмес, партиялардын ар кандай шайлоочулар топтору менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнө да бурулат. Ошондой эле келечектеги курултайдын курамы канчалык кесипкөй болору жана жалпы коомчулуктун кызыкчылыктары кандай эске алынары да негизги маселе бойдон калууда.


Риззат Тасым, Казакстандын социалдык өнүктүрүү институттук талдоо жана реформалар борборунун мүдүрү:


Коомдогу социалдык-демографиялык өзгөрүүлөр да эске алынууга тийиш. Мисалы, бүгүнкү күндө калктын үчтөн бир бөлүгүн жаштар түзөт. Божомолдорго ылайык, 2030-жылга карата ар бир үчүнчү казакстандык, же 6 миллион казакстандык жаштар деп эсептелет. Демек, кайсы бир партия өзүнүн шайлоо алдындагы платформасында же болочок Курултайда жаштардын өкүлчүлүгүн камсыз кыла албаса, муундар ортосундагы консенсус, жаштардын саясаттагы өкүлчүлүгү маселеси жыл өткөн сайын күчөй берери талашсыз.


Саясий реформалар ички өзгөрүүлөрдүн гана эмес, анын тышкы таасиринин да көз карашы менен бааланат. Ошентип, инвесторлор экономикалык көрсөткүчтөргө гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүүсүнүн ырааттуулугуна да көңүл бурушат.


Жандос Шаймарданов, Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:


Жаңы Конституциянын кабыл алынышы биздин чет элдик өнөктөштөргө Казакстандын өнүгүүдөгү туруктуулугун жана саясий өсүшүбүздүн ырааттуулугун билдирет. Алар дагы бүгүнкү күндө Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоорун билдирип жатышат. Эгерде инвестициялык жагымдуулук тууралуу айта турган болсок, инвесторлордун күтүүлөрү азыр кыйла бекем жана туруктуу мүнөзгө ээ болууда. Алар Казакстандын өнүгүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясы бар экенин жана өлкө саясий модернизациянын жаңы дооруна кадам таштаганын түшүнүшөт. Менин оюмча бул алар үчүн абдан маанилүү чакырык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков