Мажилис дарыгерлердин беделин көтөрүүчү мыйзамды кабыл алды

Мажилис дарыгерлердин беделин көтөрүүчү мыйзамды кабыл алды

Мажилистин депутаттары өткөн аптада сенаторлор сунуштаган түзөтүүлөр менен саламаттыкты сактоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Тактап айтканда, алар вейптерди жарнамалоого тыюу салуу, оюн бизнесин уюштуруучулар үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликти киргизүү, ошондой эле, лицензиясы жок чет элдик букмекердик кеңселердин интернет-ресурстарына бөгөт коюуга байланыштуу. Бул тууралуу мажилис депутаты Асхат Аймагамбетов билдирди.

Асхат Аймагамбетов, Парламент Мажилисинин Депутаты:

Мыйзамдардын негизги жаңылыктары төмөнкүдөй: биринчиден – букмекердик кеңселер менен тотализаторлордун жарнактарын имараттарга, көрнөк-жарнактарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, транспортторго жайгаштырууга жана жайылтууга тыюу салуу боюнча жобо каралууда; ал эми башка жердеги жарнаманы чектөө сунушталат; экинчиден - карызкорлордун бирдиктүү реестринде турган жарандар үчүн кумар оюндарына катышууга тыюу салуу сунушталат.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда негизги маселелердин бири медицина кызматкерлеринин жумушуна байланыштуу, алардын макамын жана беделин көтөрүү болуп саналат. Документтин нормаларында дарыгерлердин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу моделин киргизүү да каралган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков