Президент күч түзүмдөрү кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды

Президент күч түзүмдөрү кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды

Касым-Жомарт Токаев Башкы прокуратуранын, Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Акордада өткөн салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана коомдук тартипти сактоо өзгөчө стратегиялык мааниге ээ милдеттер экенин баса белгиледи. Президент татаал шарттарда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги ар дайым татыктуу бааланышы керектигин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков