Өкмөт башчы «Росатомдун» башкы мүдүрү менен жолугушту

Өкмөт башчы «Росатомдун» башкы мүдүрү менен жолугушту

Алматы облусунда «Росатомдун» катышуусу менен биринчи атомдук электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу корпорациянын башчысы Алексей Лихачёв Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушуу учурунда билдирди. Тараптар товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдө казакстандык контентти кеңейтүү боюнча чараларды талкуулашты. Ядролук-отун циклинин локализациясы жана алдыңкы казакстандык жана чет элдик өнөктөштөрдүн катышуусунда эл аралык консорциумду түзүү маселелери көтөрүлдү. Орусия тарап кеңири кызматташууга даяр экенин ырастады, өз кезегинде Олжас Бектенов долбоор президенттин көзөмөлүндө экенин жана өкмөттүн толук колдоосуна ээ болорун белгиледи.

Которгон: Назира Бегалиева