Казакстандын кен байлыктарын изилдөөнү каалаган чет элдик инвесторлордун саны өсүп келет. Буга борбор калаада жыл сайын өтүүчү тоо-кен форуму далил. Быйыл салттуу иш-чаранын катышуучуларынын көбү чет элдиктер. Алардын саны быйыл былтыркыга салыштырмалуу 20%га көп. Сырттан келген инвесторлор өлкөдө баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө кызыктар. Жалпысынан форумда Европанын, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, Африканын, АКШнын өкүлдөрү жыйналды. Бардыгы 32 өлкөдөн 235 компания жана 450дөн ашык адис чогулду.
Артур Поляков, Тоо-кен форумунун президенти:
- Быйыл форумга 5 жаңы ири стратегиялык инвестор кошулду. Ал компаниялар Австралияга, Европага, Канадага, АКШга, Малайзияга жана башка өлкөлөргө келип жатышат. Казакстан минералдык чийки затка бай. Алардын кору өткөн кылымдын 70-жылдарынан бери талданган эмес. Казакстандын аймагынын 30% гана изилденген. Ошондуктан Казакстан башка Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу эле геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү сунуштап жатат.
Джеймс Бэньярд, Тоо-кен өндүрүшү компаниясынын менеджери/Канада:
- Биз азыр Казакстанда негизинен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максаты менен жүрөбүз. Ошол эле учурда, биз бул жаатта стратегиялык өнөктөштүктү орнотуп, жаңы кен жайларын иштетүүгө байланыштуу толук чынжырлуу баалоо, талдоо иштерин жүргүзүүгө ниеттенип жатабыз. Биз калдыксыз өнүм, башкача айтканда, кайра иштетүү жагына да колдоо көрсөтө алабыз. Учурда бизде эки биргелешкен долбоорбуз бар, анын алкагында Казакстандын бир катар терең жерлерин изилдеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков