Казакстан Түндүк аралды сактоо долбоорунун экинчи этабын иштеп чыгууда. Азыр республиканын суу чарба жана ирригация министрлиги бул маанилүү ишке зарыл документтерди даярдоого киришти. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен ишке ашырылат. Ал үч негизги багыттан турат. Биринчиси, Түндүк Арал жана Сырдарыя дарыяларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана гидрологиялык шарттарды жакшыртуу. Кийинки кадам — Кызылорда облусунун туруктуу экономикалык, социалдык жана экологиялык шарттарын колдоо жана жакшыртуу көздөлгөн. Акыркысы - суу ресурстарын башкаруунун маалыматтык базасын жана системаларын жаңылоо боюнча чараларды камтыйт. Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун натыйжасында Көкарал дамбасы курулуп, Түндүк Аралдагы суунун көлөмү 27 миллиард куб метрден ашты. Экинчи фаза суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга, балык чарбасын жана экотуризмди өнүктүрүүгө, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, сууну сактоонун көлөмүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
— Бул Аралды сактоонун эки этабы бар. Экинчи этапта гидротехникалык курулуштарды куруу бул долбоордун бир бөлүгү. Бүгүнкү күндө тиешелүү документтер чогултулду. Эми мамлекеттик талдама жүргүзүлөт. Мамлекеттик экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин мыйзам чегинде мындан аркы иштер жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, ушул жылдын башында Эл аралык аралдарды куткаруу фондуна төрагалык кылуу Казакстанга өткөн. Каспий жана Арал деңиздеринин экологиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн күчтөрдү бириктирүү зарылдыгы тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге теке айынын 6сы күнү Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинде билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков