Борбор Азия серепчилери Казакстандын ШКУ-га төрагалык кылуусу тууралуу

Казакстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуунун алкагында анын дүйнөлүк ролун жогорулатууда. Мындай пикирди Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык изилдөө институттарынын жетекчилери айтты. Алардын айтымында, республика бир катар багыттарды алдыга жылдыруу миссиясын өз мойнуна алды. Тактап айтканда, коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү. Ошондой эле энергетикалык кызматташууну, санариптик жана экологиялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү бекемдөө. Казакстан Уюмга кирген өлкөлөрдүн транспорттук байланышын өнүктүрүүгө салым кошууда. Бул өз кезегинде бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү бере алат. Жалпысынан, серепчилердин пикири боюнча, республика ШКУ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн кыймылдаткычтарынын бири болууга жана жаңы мүчөлөрдү тартууга таасир этүүгө умтулат. Уюмдун төрагалык кылуу эстафетасын колго алуу менен Астана өзүн көп тараптуу дипломат катары көрсөтүп, жалпы аймактык жана жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүүдө.

Жавлон Вахабов, Борбор Азия эл аралык институтунун мудүрү:

-Бүгүнкү күндө ШКУ евразиялык мейкиндиктеги эң ири бирикмелердин бирине айланууда. ШКУ бул уюмга көптөгөн өлкөлөрдөн ушунчалык чоң көңүл буруп жатканы анын туура жолдо баратканын билдирет. Бийик максаттарга жетүү үчүн биз Казакстандын бүгүнкү төрагалыгын колдоп гана тим болбостон, ШКУнун Астана саммитинин алкагында кабыл алынган бардык макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууда чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Усмонзода Хайриддин, Тажикстан Республикасынын президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун мүдүрү:

-Тажикстан үчүн быйылкы жыл Казакстандын ШКУнун лидерлигине кошкон салымы абдан маанилүү болду. Анткени туруктуу өнүгүү маселелерине, анын ичинде экологиялык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурулуп, бул форматта Казакстанда да, ШКУга мүчө башка өлкөлөрдө да көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн өнүгүү келечектеринин комлпекстүү ишке ашырууну камсыз кылууга кошкон салымы зор.

Которгон: Илгиз Жамалбеков